Астанада ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 28-ноябрда, Астана шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, уюмга мүчө болгон Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын мамлекет башчылары кол коюшту. Анда:
— Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун алкагында союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо жөнүндө” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
— 2015-жылдын 15-сентябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияларды ташуу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
— 2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүмдөрүнүн статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколу жана башка документтер кабыл алынды.
Сүрөт: president.kg