«Асман», «Мейкин», «Сый ордо» ж.б. банкет залдарынын кожоюну кармалды  

Ири ишкерлердин бири, «Асман», «Мейкин», «Сый Ордо», «Ата», «Ак булут» жана «Ак Сарай» банкеттик залдарынын кожоюну, 1990-жылы туулган С.А.С.аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.  

“Ал өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу менен, компетенттүү мамлекеттик кызматкерлер менен тыгыз байланышта болуп, алардын кээ бирлери менен кылмыштуу бүтүмгө келип, ошондой эле алардын калкалоосунан пайдаланып карамагындагы ресторандардын аянтын өзүм билемдик менен көбөйтүп, коммерциялык объектилеринин капиталдык бөлүктөрүн ижарага алынган муниципалдык жер тилкелерине жайгаштырган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 2025-жылдын 10-сентябрь күнү кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык,  С.А.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди” деп айтылат  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын маалыматында.  

"Асман", "Мейкин", "Сый ордо" ж.б. банкет залдарынын кожоюну кармалды  

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты