Аскат Жетигендин иши: Кийинки сот отуруму 11-июнда өтөт

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 5-июнда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Аскат Жетигендин иши боюнча сот отуруму өттү. Анда Аскат Жетигендин социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган эки видеосу көрсөтүлдү.

Бул тууралуу акындын адвокаты Самат Матцаков эки видео көрсөтүлгөндөн кийин ал тасмаларга баа берчү эксперттер отурумга келбей калгандыктан, сот иши 11-июнга жылдырылганын билдиргенин «Азаттык» жазды.

Акын жана активист Аскат Жетигендин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганы тууралуу билдирүүсү боюнча Аскер прокуратурасында текшерүү жүрүп жатат.

Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алынып келинген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси — 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу») менен козголгон.

Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.

Сүрөттө: Аскат Жетиген сотто. 5-июнь, 2024. «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты