Адвокат Аскат Жетигендин кыйноо тууралуу билдирүүсүн Аскер прокуратурасы текшерип жатканын айтты

  • 2 месяца мурун

Акын жана активист Аскат Жетигендин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганы тууралуу билдирүүсү боюнча Аскер прокуратурасында текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу акындын адвокаты Самат Матцаков билдирди.

«Биз бул маселе боюнча Башкы прокуратурага, Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылганбыз. Учурда кыйноо фактысы боюнча Аскер прокуратурасында тергөөгө чейинки текрешүү жүрүп жатат«, — деди адвокат.

Мындан тышкары, ал арыз менен кайрылгандан кийин соттук-психиатриялык, соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын кошумчалады.

Бүгүн, 28-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырык жасоого айыпталып жаткан Аскат Жетигендин соту уланды. Анда акын буга чейин тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтар боюнча комментарий берди.

Аскат Жетиген маалымат каражаттарына туура эмес маалымат чыгып кеткендигин айтып, тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылбаганын белгиледи.

Азаттыктын” баракчаларында СИЗО-1де кыйноого кабылган деп жазылып калыптыр. Анан тергөө абагынын кызматкерлери, жетекчинин орун басарлары келип менден суранышты. Чынында, ал жактын кызматкерлери тарабынан менин өмүрүмө, ден соолугума эч кандай коркунуч келтирилген эмес. Мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө 1 саат ток менен кыйнашкан”,- деди акын.

Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келинген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси — 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу») менен козголгон.

Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты