Ашууларда унаа кыймылы үчүн — каттам ачык

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 16-январда, саат 09:00го карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.  

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Буга чейин 17-19-январь күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин өзгөрөрү кабарланган.

Иллюстрациялык сүрөт: Транспорт министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты