Ашууга кар көчкү түшүп, Каракол-Эңилчек унаа жолу жабылып калды   

  • 1 год мурун

12-апрелде Ак-Суу районундагы Каракол — Эңилчек унаа жолунун болжол менен 83-86-чакырым аралыктарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калган.

Аталган унаа жолдо тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жол 14-апрелге чейин убактылуу жабылган. Аталган жолдун 38-чакырымында ички иштер министрлиги тарабынан атайын пост коюлуп, нөөмөт уюштурулган.

Ошондой эле жерине өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери жана техника тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты