«Ашар» кыймылын уюштуруучулардын бири Жумагазы Садыр уулу дүйнөдөн кайтты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 19-декабрда, белгилүү коомдук ишмер, “Ашар” козголушунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана жетекчиси, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) башатында турган Жумагазы Садыр уулу (Жумагазы Усуп Чоңаюу) 72 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Жумагазы Садыр уулу 1953-жылы 8-октябрда Ысык-Көл районундагы Балыкчы жергесинде туулган.

1973-жылы ал Бишкектеги айыл чарба техникумун “зоотехник” адистиги боюнча бүтүргөн. Андан соң Советтик армияда кызмат өтөгөн.

1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин даярдоо курсуна, 1976-жылы аталган университеттин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө биринчи курска кабыл алынган.

Андан соң окуусун Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде улантып, (азыркы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин) аны 1981-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Жумагазы Садыр уулу өзүнүн ишмердүүлүгүн журналист катары баштап, “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде, андан соң 1987–1991-жылдары ал “Кыргыз жери” (мурдагы «Кыргызстан айыл чарбасы») журналында иштеген жана журналдын редакторунун орун басары болгон.

Кайра куруу доорунда коомдук иштерге, асыресе, Бишкектин четинде үй-жайсыз мекендештердин үй куруу үчүн жер тилкелерин бөлдүрүү талаптарын көтөргөн социалдык ири кыймылына активдүү аралашкан.

1989-жылы 15-июлда ал “Ашар” козголушунун кеңешинин төрагасы, Жыпар Жекшеев аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. 1989-жылы 8-августта Кыргызстандагы биринчи өкмөттүк эмес уюм катары Ленин райкому тарабынан каттоо күбөлүгү берилген. Ал эми 1991-жылы 25–26-майда өткөрүлгөн Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) уюштуруу жыйынында ал КДКнын башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган.

Жумагазы Садыр уулу  1990–1991-жылдары Кыргызстандын демократиялык нукту тандашына жана эгемен мамлекет катары телчигишине жаран катары зор салым кошкон.

1991-жылы июлда ал 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн каармандарына жана Улуу Үркүндө курман болгон бабаларга багышталган жөө жүрүштү уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан. Бул саясий-маданий иш-чара анын сунушу менен “Өмүр-Көчү–75” жүрүшү деп аталган.

1990–1995-жылдары ал Бишкек шаарында жаңы конуштардын инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, «Ашар» ишкер долбоору деген түзүлүштөрдү түптөп, өзү Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары, «Ашар» ишкер долбоорунун башкы директору болуп иштеген.

Ал кийин да эгемен өлкөбүздөгү коомдук иштерге жигердүү катышып, саясий окуялар боюнча өз пикирин ачык билдирип турган. Кыргызстандын демилгелүү жаштарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн багытталган бир катар маанилүү ишкердик, чыгармачыл жана башка долбоорлорду ишке ашырган.

2019-жылы ал «Ашар-Алтан» саясий партиясын негиздегендиги да маалым.

«Ашардан» кийин Жумагазы Усуп Чоңаюу «Арыш» коомдук бирикмесин түзүп, 24 конуштагы жашоочулардын өз көйгөйүн өзү чечүү боюнча өз жардам топторун түзгөн.

Жумагазы Садыр уулу Кыргызстандын көз карандысыздыкка жетүү үчүн күрөшүнө, эгемен өлкөбүздө демократиялык салттарды чыңдоого, сөз эркиндигине жана социалдык теңдикке багытталган, эне тилдин макамын, жеке ишкердикти чыңдаган көп тарамдуу коомдук ишмердиги менен өчпөс из калтырып кетти.

Жумагазы Садыр уулу «Даңк» медалы, «Өмүр көчүн» уюштуруучу катары Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 20-декабрда кичи мекенинде – Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылында өткөрүлмөкчү.

«ПолитКлиника» медиасы Жумагазы Садыр уулунун үй-бүлөсүнө, жакындарына, жакын санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөттө: Жумагазы Садыр уулу. «ПолитКлиника» медиасы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты