Аш-тойдогу чыгымдарды азайтууга багытталган мыйзам долбоору боюнча атайын комиссия түзүлөт

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 28-февралда “Кыргызстанда үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өткөрдү.

Аны менен катар отурумда “Бузуулар жөнүндө КРнын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланды.

Жыйында депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоору боюнча бир катар сунуштар келип жатканын белгилеп, президенттин жарлыгына ылайык атайын эрежелер топтомун иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

Муну менен катар айып пул боюнча сунуштарга токтолгон депутат: “20 миң сомдун аз экени белгилүү. Бирок 100 миң сом деп да белгилей албайбыз. Ал үчүн Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет. Анткени анда эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпашы керек деп белгиленип калган”, – деп кошумчалады.

Жыйында жалпысынан аш-тойлорго чакырылгандардын санын азайтуу, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында мал союуну жоюу өңдүү бир катар сунуштар берилди.

Жыйынтыгында бардык сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорунун алкагында атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынды . Ага депутаттар, министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана диний мекемелердин өкүлдөрү кирмекчи.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 24-февралда өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты