“Аруузат” партиясынын талапкери тизмеден чыгарылды  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 13-ноябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы “Аруузат” саясий партиясынан Жыргал Исмаилованы партиянын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмесинен чыгарды.

Мындай чечимге талапкердин арызы негиз болгондугу белгиленди.  

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты