Ардагер журналист Баян Жумагулова милицияга суракка чакырылды

  • 3 месяца мурун

Ардагер журналист Баян Жумагулова Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды.

Бул тууралуу журналист өзү билдиргенин «Азаттык» жазды. Анын сөзүнө милиция ага Фейсбуктагы жазгандары боюнча кылмыш иши козгогон.

«Өткөн ишемби күнү өздөрүн тергөөчүбүз деген эки адам үйүмө келип, Свердлов райондук милиция бөлүмүнө барышымды талап кылышты. Мен чакыруу берилмейинче барбай турганымды айткандан кийин, бири шашып барып, тергөөчүдөн «Фейсбуктагы жазгандары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында» деген мааниде чакыруу кагаз алып келиптир. Барсам телефонумду алып коюп, ичиндеги маалыматтарды көчүрүп ала баштады. Мен адвокатсыз көрсөтмө бербей турганымды айткандан кийин кое беришип, дүйшөмбү күнү адвокат таап беришти. Адвокат менен барсак, мага качан эле кылмыш ишин козгоп, мен жазган постторду лингвистикалык экспертизага берип коюшуптур. Менин Фейсбукка жазгандарымды канча убактан бери эле изилдеп, каттап, көчүрүп жүрүшүптүр. Менин 6-июнда Германиядан учуп келгенимден бери каттап, чек ара кызматына «эч жакка чыкпасын» деп билдирүү берип коюшуптур. 22-июнда кайра милицияга чакырды, ал күнү менин бөгөт чарамды карашат экен» деди Жумагулова.

Милиция журналисттен Фейсбукка жазбоону талап кылган. Жумагулованын сөзүнө караганда ага «арапкул» деген сөзү үчүн Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты