Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаев үй камагына чыгарылды
- 1 год мурун
Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаев үй камагына чыгарылды.
Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Анвар Сартаевди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 1-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктарга” байланыштуу беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” боюнча айып тагылган.
Бүгүн, 21-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова аскер кызматкерлеринин укугун коргоп, көп жылдардан бери жакшы жумуштарды аткарып келген Анвар Сартаевдин кармалышы боюнча маселе көтөрдү.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү