Арча-Бешиктеги үйдөн өрт чыкты
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Арча-Бешик конушунда жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 00:32де өчүрүлдү. Жабыркаган адамдар катталган жок, өрттүн жалпы аянты болжол менен 200 чарчы метрди түздү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалымат түшөрү менен өрттү өчүрүүгө саат 21:51де Ленин райондук №28 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 21:59да Ленин райондук №6 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм жана штаб тартылды.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




