Арча-Бешик конушунда үй тибиндеги бала бакча ачылды

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Арча-Башик конушунда үй тибиндеги “Тай-тай бөбөк” аттуу балдар бакчасы ачылды.   

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, балдар бакчасына 1,5 жаштан 6 жашка чейин балдарды кабыл алат жана мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтөт.  Бул “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ишке ашты.

Учурда 15 жеке ишкер үй тибиндеги бала бакчаларды ачышты, анда 400гө жакын бала бар.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты