«Арча-Бешик» конушунда айрым үйлөрдү суу каптады  

  • 1 месяц мурун

Жамгырдан улам, 22-мартка караган түнү Маңка-Жар коктусундагы селтосмодон суу ашып, Арча-Бешик конушунун айрым көчөлөрүндөгү турак үйлөрдү каптаган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, куткаруучулар түнү менен таштандыга толуп калган дренаж каналдарды тазалаган жана турак үйлөрдүн короосуна кирген суу сордурулган.

Арча-Бешик конушунун Азем көчөсүндөгү 6 үйдү, Кара-Кужур көчөсүндөгү 14, Жайыл баатыр көчөсүндөгү 4, Шербет көчөсүндөгү 8 үйдү суу каптаган. Анын ичинен Азем жана Бердибаев көчөсүндөгү эки үйдүн короосунда суу топтолуп калган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты