“Апшыр-Ата” эс алуу жайындагы 4 гектар жер мамлекетке кайтарылды

  • 2 года мурун

Ош областынын Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан текшерүүдө Кулатов айыл аймагынын “Апшыр-Ата” эс алуу жайына караштуу 4,05 га жер тилкеси айыл өкмөт кызматкерлери  тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан жер тилкесине мыйзамсыз берилген документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сот

органдарына доо арыздкелтирилип, жыйынтыгында алар соттун күчүнө кирген чечимдери менен жараксыз деп табылган.

Мындан сырткары, прокуратура тарабынан Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө прокурордук талап келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен

баасы 24 млн 200 миң сомду түзгөн жогоруда аталган 4,05 га жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кабыл алынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты