«Апрель» телеканалын жабуу боюнча сот отуруму өттү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 12-майда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда “Апрель” телеканалын жабуу боюнча алдын ала угуу боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.

Алдын ала угуунун биринчи отурумунда “Апрель” телеканалына документтердин көчүрмөсүн алып келүү тапшырылды. Кийинки соттук отурум 23-майда саат 11:30 да болот.  

Октябрь районунун прокуратурасы “Апрель” телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылганы кабарланган.

Телеканал билдиргендей, өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында эле телеканалдын ишмердиги боюнча үч экспертиза жүргүзүлгөн, Юстиция министрлигинин соттук-эксперттик кызматынын, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы республикалык психиатрия жана наркология кызматынын экспертизасы жана Улуттук илимдер академиясынын экспертизасы жүргүзүлгөн. Аталган үч экспертизанын жыйынтыгы боюнча “Апрель” телаканалынын бардык материалдарында азыркы бийликке карата терс пикирлер орун алгандыгы айтылган.

“Терс пикирлердин сарказм, шылдың, видео коллаж, телеканал алып баруучуларынын экспрессивдүү сөзү жана мимикасы ошол берүүлөрдү көргөн адамдарга Кыргыз Республикасынын азыркы бийлигин жаман көрсөтүп, алардын кадыр-баркына доо кетирип, шек саноого алып келет. Бул берүүлөрдү көрүп, андан алган таасирлерден улам, башка соцалдык жана дүйнөлүк триггердин (курч эмоция жана реакцияга алып келе турган окуя же абал)  таасири менен массалык башаламандыкка, анын натыйжасында бийликти басып  алууга, ишенбөөчүлүктү жаратып, адамдар арасындагы араздашууга, бөлүнүүгө алып келет» деп айтылат.

Октябрь райондук сотуна берген доо арызында прокуратура “Апрель” телеканалынын ишмердигин аны бардык социалдык тармактарда — Ютуб, Фейсбук, Телеграм, Инстаграмда токтотуу, экинчиден. Маданият министрлигинин “ Апрель” телеканалына берген уруксатын кайтарып алууга чакырат.  

Иллюстрациялык сүрөт: «Апрель» телеканалы   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты