Апрель революциясы эскерилди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгына карата Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстеликке гүлдөр чамбар коюшту.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.
Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандын адилеттүү, эркин жана демократиялык келечеги үчүн жанын берген мекендештерин бир мүнөт унчукпай эскеришти.
Соңүнда Эдил Байсалов буларды белгиледи:
-Быйыл биз 24-марттагы элдик революциянын 20 жылдыгын жана 7-апрель окуясынын 15 жылдыгын белгилейбиз. Бул даталар мамлекетибиздин тарыхына түбөлүккө кирди, бүгүн биз алардын элесине таазим этип жатабыз. Элибиз адилеттүүлүк, эркиндик жана бийликтин тазалыгы үчүн күрөшкөн. Кубанычтуусу, учурда эл менен бийликтин ортосундагы биримдикти көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө элдин бардык үмүт-тилеги ишке ашууда,-деди Байсалов.
2010-жылдагы Апрель революциясы Кыргыз Республикасынын демократиялык жана адилеттүү мамлекет катары өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп калды.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
Сүрөттөр: gov.kg


