«Анора» фильми беш номинацияда «Оскар» сыйлыгын алды
- 3 недели мурун
“Анора” фильми америкалык киноакадемиянын 97-аземинде мыкты фильм үчүн “Оскар” сыйлыгына беш жолу татыктуу болду. Фильмдин режиссеру Шон Бейкер, мыкты монтаж жана сценарий үчүн, Майки Мэдисон аялдардын мыкты ролу үчүн алды.
Ал эми эркектердин экинчи пландагы мыкты ролу үчүн россиялык актер Юра Борисов көрсөтүлгөн, бирок ал «Оскар» албай калды. Эркектердин экинчи пландагы мыкты ролу үчүн байге башка фильмде ойногон Киран Калкинге ыйгарылды.
Эркектердин мыкты ролу үчүн “Оскар” сыйлыгы Эдриан Броудиге берилди. “Бруталист» фильминин оператору Лола Броулиге жана мыкты музыка үчүн Дэниэл Блумбергге ыйгарылды.
Аялдардын экинчи пландагы мыкты ролу үчүн “Эмилия Перес” фильминдеги Зоя Салданага берилди. El Mal мыкты ыры үчүн алды. “Эмилия Перес” фильми 13 номинация боюнча сыйлыкка татыктуу болду.
Сыйлыкты тапшыруу аземи 2-мартта АКШнын Лос-Анжелес шаарында өттү.
Сүрөт: Reuters