Анапияевдерге таандык болгон мүлктөр мамлекетке кайтарылды

  • 12 месяцев мурун

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында, мурда уюшкан кылмыштуу топтун лидери А.Анапияевдин туугандары мыйзамсыз ээлеп жүргөн бир катар мүлктөр мамлекетке кайтарылды.

Атап айтканда, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылындагы жалпы аянты 0,7 га жер тилкеси, 749,65 м² административдик имараты, 0,14 га май куюучу жайы жана дүкөнү, ошондой эле Бурган-Суу айылындагы 11,84 га жер тилкеси мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.

Мыйзам бузуулар жер участокторун менчиктештирүү жана жеке менчикке өткөрүү учурунда аныкталган.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктап, мамлекеттик баланска кайтаруу иштерин улантууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты