Ананьево айылында турак үйдүн 200 чарчы метри өрттөндү
- 1 месяц мурун
- Видео
Кечээ, 10-декабрда саат 20:36да Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринде өрт чыкканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта өрттү өчүрүүгө саат 20:38де Ысык-Көл райондук N33 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн, ага кошумча саат 21:07де 2-күжүрмөн эсеп тартылганы, саат 21:39да кошумча 3-күжүрмөн эсеп тартылганы айтылды. Өрт саат 22:12де чектөөгө алынып, саат 23:45те толук өчүрүлдү.
“Куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам турак үйгө жанаша жайгашкан курулуштар жана үйдүн 500 чарчы метри сакталып калган. Ал эми өрттүн кесепетинен үйдүн 200 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ӨКМ архивинен
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!