Amazon компаниясы кызматкерлеринин санын 18 миңге кыскартат

  • 1 год мурун
Amazon компаниясы кызматкерлеринин санын 18 миңге кыскартат

Америкалык Amazon компаниясы кызматкерлеринин санын 18 миңге кыскартат. Бул алгач пландалгандан сегиз миңге көп.

Компаниянын башкы директору Энди Жессинин айтымында, кадрдык кыскартуулар негизинен сатуу жана кызматкерлерди ишке алуу бөлүмдөрүнө тиешелүү болот. Ал иштен кетирилгендердин баарына жөлөк пулдар төлөнөрүн жана жаңы жумушка орношууга жардам көрсөтүлөрүн убадалады.

Amazon онлайн сооданын көлөмү кескин жогорулаган COVID-19 пандемиясы маалында кызматкерлеринин санын кыйла көбөйткөн. 2022-жылдын сентябрына карата компанияда 1,5 миллион адам иштесе, алардын көбү кампаларда эмгектенген.

2022-жылы Amazon’дун кирешеси азайган. Өткөн жылдын үчүнчү чейрегинде Amazonдун таза кирешеси 2021-жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу тогуз пайызга азайган. Ноябрда Amazon компаниясынын акциялары пандемия башталгандан берки эң төмөнкү деңгээлге түшкөн.

Өткөн жылы ноябрда Meta компаниясы да кызматкерлеринин санын 11 миңге кыскартарын билдирген. Бул компанияда иштеген жалпы жумушчулардын 13% түзөт. Twitter’дин жаңы ээси Илон Маск компанияда иштеген 7500 кызматкердин жарымына жакынын иштен кетирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты