Алыкул Осмоновдун үй музейи оңдолуп-түзөлгөндөн кийин кайра ачылды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 4-ноябрда, Бишкек шаарында жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй-музейи оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова катышты.

Үй-музейде эки миңден ашык экспонат бар. Алардын арасында акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары.

Буга чейин музей кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөн Бишкек шаарындагы үй- музейинде акыркы жолу 2000-жылы ремонт иштери жасалган. Кийинки жылдары бөлмөлөр кышкысын жылытылбагандыктан, шыбынан суу кирип, ным тарткан дубал кээ бир баалуу документ, сүрөт, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.

Алыкул Осмоновдун үй-музейин оңдоп-түзөө иштери Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан каржыланды.

Аталган үй 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү 1948-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, акыркы сапарга ушул үйдө узаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты