Алтынбек Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев депутат болуп келди

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы «Альянс» партиясынын мүчөсү, Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жамгырчиев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына дайындалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Сулаймановдун ордуна келди. Ал шайлоодо 4 607 добушка ээ болгон.

Эмил Жамгырчиев ИИМ академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча жана Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2014-жылдан тарта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында иштеп, 2017-2020-жылдары жетекчинин орун басарлыгын аркалаган. Кызматтан кетери менен пара алууга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Кийин мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төккөнү кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты