«Алтын ордо» жаңы конушунда №98 мектептин ачылышы болду

«Алтын ордо» жаңы конушунда №98 мектептин ачылышы болду. Мектепке Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы ыйгарылды.    

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров,  борбор шаарын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы мектеп окуучуларын, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча быйыл борбор калаада 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушу башталгандыгын белгиледи. Бул максаттарга 3 млрд сом багытталып, анын ичинде республикалык бюджеттен – 2,5 млрд сом, шаардык бюджеттен 450 млн сом бөлүнгөн.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм. Бүгүн биз Алтын-Ордо конушунда алгачкы мектепти ачып жатабыз жана бул балдар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө майрам. Мектепке Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы ыйгарылды» — деди ал.

Акылбек Жапаров окуучуларга окууларындагы чоң ийгиликтерди жана ар дайым билимге ынтызар болуусун каалады.

Маалымат үчүн:

«Алтын-Ордо» жаңы конушундагы мектеп 480 орунга ылайыкталган. Окуу корпусу негизги жана көмөкчү жайлардан (окуу класстары, ашкана, актовый зал, санитардык түйүндөр, спорт залы) турат. Сметалык наркы 210 251,8 миң сомду түзөт.

640 окуучуга эсептелген №10 мектепти капиталдык оңдоонун сметалык наркы 83299,6 миң сомду түзөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты