Алтын өндүрүү компаниясынын кызматкерлери алтынды мыйзамсыз ташыганы үчүн кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Жалал-Абад облусунун башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар «О.Т.» ЖЧКсынын кызматкерлери менен бирге алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алар «О.Т.» ЖЧКсынын кызматкерлери менен бирге алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн.

Аталган фирма алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө, алтынды казып алуу максатында лицензиялык аянттын чек арасын бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай

катары колдонушуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган.

Мындан сырткары аталган фирманын кызматкерлеринин эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төлөөсүз мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып, ал ишине бөгөт коюлду.

26-августта Чаткал-Бишкек багытында бара жаткан «Сосновка» постунан, салонунда ЖЧКнын жетекчиси жана анын кызматкерлери 1,5 кг жакын мыйзамсыз казылып алынган алтынды ташып бара жаткан «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында  компаниянын башкы директору КР жараны Д.Т.Э. кармалып, кылмыш- процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК Жалал-Абад облусунун тергөө камак жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты