Алмазбек Атамбаевди улуттук кардиология борборуна алып барышты  

  • 2 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди улуттук кардиология борборуна алып барышты.

Бул тууралуу Фейсбук баракчасында Ирина Карамушкина билдирди.  

Анын айтымында, буга чейин адвокаттар канча айтса дагы, дарыланууга уруксат берилбей келген. Соттор мындай чечимди кабыл алуу жоопкерчилигин ала албай, ал эми прокурорлор каршы болуп келишкен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга кесилген. Ал эми 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланууда.

Алмазбек Атамбаевди улуттук кардиология борборуна алып барышты  

Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Бул кылмыш иши Атамбаев 2016-жылы түркиялык 10 атуулга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деген шек менен козголгон ишке бириктирилген.

Мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча 2019-жылы Ленин райондук соту өкүм чыгарып, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айыпка салып, камактан бошоткон.

Ал эми Албек Ибраимовду мектеп курулушундагы коррупцияга жана “Дастан” ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга кесскен. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясында абактан чыгып ошол бойдон издөөдө жүрөт.

2020-жылы онунчу октябрда Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кадыр, Сейид Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков, Курсан Асанов “массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Кийинчерээк Алмазбек Атамбаевдин уулдары Кадыр жана Сейит Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков бошотулган.

Сүрөттөр: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты