Алматыдан Тамчыга жаңы авикаттам иштей баштады
- 5 месяцев мурун
«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы «Компас Казакстан» туроператору менен өнөктөштүктө Алматыдан «Ысык — Көл» эл аралык аэропортуна (Тамчы) жаңы багыт боюнча алгачкы каттамын баштады.
Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы билдирди.
Каттам жайкы сезон мезгилинде жумасына эки жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.
Билеттин баасы-6 000 сомдон башталат.
Жаңы каттам — Казакстандан келген коноктор үчүн Кыргыз жаратылышынын кооздугу менен таанышууга, тоонун таза абасынан дем алып жана дүйнөдөгү эң чоң жана бийик тоолуу көлдөрдүн бири — кереметүү Ысык-Көлдү көрүгө, андан ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Сүрөт: Кыргызстан аэропорттору
Муну бөлүшүү




