Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык мекенине келе жатат

  • 2 года мурун

Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык Бишкекке келе жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Ариповдун маалыматына таянып жазды.

Арипов мекенине кайтууну каалаган ар бир жаранга жардам берилерин билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстанда башаламандык башталгандан бери ондогон кыргызстандык эвакуацияланган.

Мындан сырткары тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген.

Ал эми Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол күнү Бишкекке кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты