Алматыда токмоктолгон Чолпонбек Сыдыков «Тез жардам» менен Бишкекке келе жатат

  • 2 года мурун

Казакстандын Алматы шаарында кармалып, катуу сабалган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкекке «Тез жардам» кызматынын унаасы менен келе жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык саясат департаментинин башчысы Нурлан Сүйөркулов Сыдыков келгенде ага чукул медициналык жардам көрсөтүлөрүн маалымдады. Анын кармалышынын мыйзамдуулугу кыргыз тараптын 5-январда Казакстанга кармалган кыргызстандык жарандардын укугу тууралуу жөнөткөн нотасынын алкагында каралып, ошонун алкагында иш жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Алматыда тополоңдордон улам кармалып дайыны билинбей жаткан Сыдыков 11 күндөн кийин оор абалда табылган. Анын катуу токмоктолгону, эки буту, кабыргасы сынганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Алматы шаарындагы консулу Назарали Арипов Сыдыков 8-январда Бишкекке кетип баратканда Алматынын чыга беришинде кармалганын билдирген.

Сыдыковдун жакындары ал эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөнүн, күч кызматкерлери кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты