Алматыда маршруттук автобус күйүп кетти

Алматыда каттам учурунда жүргүнчү ташыган автобус күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, курмандыктар жана жабыркагандар жок.

Окуя 6-сентябрь күнү эртең менен Саин менен Шаляпин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бүгүн соцтармактарда жарыяланган кадрлардан жалынга чулганган автобусту көрүүгө болот. Окуядан улам көчөлөрдүн кесилишинде тыгын пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдар департаменти кабарлагандай, жалын өрт өчүрүүчүлөр келгенден 20 мүнөт өткөн соң өчүрүлгөн

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты