Алматыда кармалып, катуу сабалган кыргызстандык Бишкектеги №4 ооруканага жаткырылды
- 3 года мурун
Казакстандын Алматы шаарында кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков 20-январда Бишкекке «Тез жардам» кызматынын унаасы менен алынып келинди.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Сыдыков шаардагы 4-ооруканга жаткырылганын, дарыгерлер кеңешкенден кийин аны дарылоо тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.
Алматыда тополоңдордон улам кармалып, дайыны билинбей жаткан Сыдыков 11 күндөн кийин, 19-январда оор абалда табылган. Анын катуу токмоктолгону, эки буту, кабыргасы сынганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Алматы шаарындагы консулу Назарали Арипов Сыдыков 8-январда Бишкекке кетип баратканда Алматынын чыга беришинде кармалганын билдирген.
Сыдыковдун жакындары ал эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөнүн, күч кызматкерлери кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.