Алматыда Борбор Азия жана Россиянын коопсуздук кеңеш катчылар жыйыны өттү

  • 10 месяцев мурун

Алматы шаарында 26-июнда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын коопсуздук кеңеш  катчыларынын жыйыны өттү.  

Ага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов да катышты. Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын регионалдык коопсуздугунун кызыкчылыктарына да зыян келтириши мүмкүн болгон региондогу өлкөлөрдүн коопсуздугунун учурдагы бир катар чакырыктарын жана коркунучтарын белгиледи.

Ошондой эле, бул жолугушуу өткөн жылдын октябрь айында Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россиянын президенттери тарабынан көтөрүлгөн маселелерди координациялоо боюнча биринчи кадам экендиги айтылды.

Марат Иманкулов эл аралык дипломатиянын жеткиликтүү ыкмалары жана гуманитардык акциялары менен Афганистанда тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнү, жаштардын радикалдашуусун болтурбоо максатында алар менен жигердүү жана биргелешип иштөөнү, кесипкөй теологдорду жана дин кызматчыларын окутуу боюнча жалпы мамиле жана тажрыйба алмашуу маселесин иштеп чыгууну сунуш кылды.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысы киберкоопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, гибриддик коркунучтарга жана согуштарга каршы туруу жаатында тажрыйба алмашуу, ар кандай эл аралык аянтчаларда биологиялык коопсуздук тематикасын иштеп чыгуу жана биологиялык куралды чыгарууга жана жайылтууга жол бербөө, ошондой эле чек ара ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты арттыруу зарылдыгын белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты