Алдамчылыкка шектелген жактоочуга кылмыш иши козголду
- 1 неделя мурун
УКМК кызматкерлери тарабынан К.Н.Б. жана К.Д.Д. кылмыш иши боюнча кармалып, алардан мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү — 100 миң АКШ доллары табылып, алынды.
Мындан тышкары, аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан жактоочу К.Д.Д.га дагы өзүнчө кылмыш иши козголду.
Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген К.Н.Б. жана К.Д.Д. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




