Алдамчылыкка шектүү Brand house курулуш компаниясынын башкы директору кармалды
- 4 недели мурун
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип, Brand house курулуш компаниясынын башкы директору Э.Н. кармалды.
Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылдын 25-июнунда “И.” турак жай комплексинин үлүшчүлөрү тарабынан башкы прокурорго кайрылуу келип түшкөн. Алар өз кайрылуусунда Бишкек шаарынын Куйручук көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жетекчилерине, тактап айтканда “Хан-Строй” ЖЧКсынын башкы директору Э.Н. жана башка адамдарга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүшкөн.
Анткени алар 2021–2024-жылдардын аралыгында Бишкек шаарынын мамлекеттик архитектурасынан уруксат берүүчү документтери болбосо да, үлүшчүлөрдөн ири өлчөмдөгү акча каражаттарын чогултуп, үйдү бүтүрүү боюнча милдеттемелерин аткарышкан эмес жана алынган каражаттарды максатсыз пайдаланган.
Аталган факт боюнча Октябрь райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катарында 1987-жылы туулган Э.Н. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Сүрөт: Октябрь райондук ИИБ басма сөз кызматы




