Алдамчылыкка айыпталып, жашырынып жүргөн жаран Польшадан алынып келинди

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура 14 жаранга 77 млн сомдук зыян келтирип, алдамчылык фактысы менен айыпталган Б.М. аттуу жаранды Польшадан экстрадициялоо боюнча аталган өлкөнүн юстиция министрлиги прокуратурасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

1-декабрь күнү айыпталуучу Б.М. Кыргыз Республикасынын ИИМинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга алынып келинди.

Айыпталуучуга Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өндүрүшүндө турган кылмыш иш боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Ал Польшада Румыния жаранынын жасалма паспорту менен жашырынып жүргөндүгү белгилүү болду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты