Альбина Имашева Кыргыз улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды
- 11 месяцев мурун
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Альбина Имашева 18-августтан тартып, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишимдин негизинде дайындалды.
Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Альбина Имашеваны театрдын жамаатына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Альбина Имашева 1983-жылы 6-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районунуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.
2000-жылы Бөкөнбаев айылындагы Карл Маркс атындагы орто мектепти бүтүргөн.
2005-жылы Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
2002-жылдан бери Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.
Буга чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Эгемберди Бекболиев болгон.
Сүрөт: Маданият министрлиги




