Казакбаев Түркиядагы ишин айкалыштыруу менен Албания, Түндүк Македония жана Черногориядагы элчи болуп дайындалды
- 1 год мурун
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Албания, Түндүк Македония жана Черногориядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгону тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Сүрөттө6 Руслан Казакбаев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




