Албаниядагы Muhamet Malo-2026 мелдеши: Кыргызстан 9 медаль жеңип алды

  • 6 дней мурун

25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 атындагы экинчи рейтингдик турнири болуп өттү.

Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 28 балбан катышып, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында балбандар жалпы 9 медаль жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча:

Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) — алтын медаль;

Орозобек Токтомамбетов (74 кг чейин) — күмүш медаль;

Залкарбек Табалдиев (70 кг чейин) — коло медаль.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан катышкан төрт спортсмендин бардыгы медаль тагынышты:

Айпери Медет кызы (76 кг чейин) -алтын медаль;

Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) – күмүш медаль;

Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) — күмүш медаль;

Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин) — коло медаль.

Грек-рим күрөшү боюнча:

Раззак Бейшекеев (72 кг чейин) — коло медаль;

Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) — коло медаль.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты