Аламүдүн суусуна түшүп кеткен аял изделүүдө

  • 1 год мурун

Бүгүн, 30-сентябрда, таң эрте Аламүдүн суусуна түшүп кеткен аялды издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 28 адам чыкты. Анын 5и — Аламүдүн районунун куткаруучулары. Ал эми кечээ жалпы 30 адам тартылып, дрон менен изделген.

27-сентябрда Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында Аламүдүн суусуна болжол менен 35 жаштагы аял түшүп кеткендиги тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)  112 кызматына билдиришкен.

Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Мындан улам 3 күндөн бери издеп-куткаруу иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты