Аламүдүн районунда фермада  223 бука жана 30 миң түк чөп өрткө чалдыкты  

Кечээ, 17-июлда, Аламүдүн районунун Пригородное айылында фермадан өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк күйгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарынын, Биринчи май, Сверлдов,  Ленин райондорунан, Чүй облусунун Аламүдүн районунан ыкчам топтор тартылган.

Мындан сырткары ИИМ аймактык тескөөчүсү, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан,  “Газ чарба” кызматынан кошумча күчтөр жардамга барды.

Өрт түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынды.  учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрттөн улам материалдык чыгым такталууда. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк күйгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты