Аламүдүн дайрасынын нугу тазаланууда
- 5 месяцев мурун
Аламүдүн дарыясынын нугун механикалык тазалоо иштеринин экинчи этабы 2025-жылдын 4-февралынан тарта “Кум-Шагыл” ЖАК темир-бетон заводунун үстүндөгү бөлүштүрүүчү шлюздан баштап күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Аламүдүн дарыясынын шаар аймагынан өтө турган узундугу 15,7 км түзөт. Тазалоонун жүрүшүндө (22.02.2025ж) 3,7 км тазаланды. Жалпысынан 929 Хово же 20 438 тонна таштанды чыгарылды.
Жеринде 6 экскаватор жана 9 “Хово” унаасы иш алып барууда.
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү