«Аламүдүн» базарынын аймагында ротордук унаа токтотуучу жай ишке берилди
- 8 месяцев мурун
“Аламүдүн” базарындагы заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген жана аянтты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Төлөм QR-код аркылуу ыңгайлуу жана тез жүргүзүлөт. Төлөм ийгиликтүү бүткөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши Бишкектин борбордук аймактарында токтотмо жайларынын жетишсиздиги маселесин чечүүгө дагы бир кадам болуп, шаар тургундары үчүн токтотууну ыңгайлуу кылары айтылат.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




