Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

  • 5 месяцев мурун

Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кол койду.

Алымбаев Алайбек 1980-жылы туулган. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2007-жылы Башкаруу академиясын (магистратура), 2009-жылы тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын, 2014-жылы Б.Н. Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетин бүтүргөн. Мамлекеттик-жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

2002-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, тарых мугалими, Жаштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

2005-2006-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын референти, 2006-2008-жылдары Жогорку Кенештин аппаратынын социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын бөлүмүнүн улук консультанты, Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин бөлүмүнүн консультанты кызматтарын аркалаган.

2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештнин төрагасынын орун басарынын жардамчысы, 2016-2021-жылдары “Республика-Ата-Журт” фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт болуп иштеген.

2021-жылдын октябрынан декабрына чейин VI чакырылыштагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты. Ал эми 2022-жылдын ноябрь айынан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.   

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты