Алай районунда жер титиреди
- 2 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн, 21-ноябрда, саат 19:34тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында — 3,5 балл, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында, Кара-Кабак айылында, Алай районунун Арча-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү