Алагөзов: Соцтармактарда Бишкек мэри Жунушалиев кызматтан алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт  

  • 9 месяцев мурун

Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасында билдирди.  

“Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат тарап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбестигин расмий билдирем” деп жазды Аскат Алакөзов.  

Ошону менен бирге коомчулукка да кайрылып, президенттик шайлоо өткөнгө чейин ири шаар жетекчилери, министрлер  жана башка кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууну уланта турганын билдирди.  

“Ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары президенттик шайлоо өткөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат. Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана, өзгөчө учур болушу мүмкүн. Бул убакка чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган» деди ал.

-Ушуга байланыштуу жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырам, -деп жазды Аскат Алагөзов.  

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматтан алынганы боюнча болжолдуу маалыматтар тараган.

Сүрөттө: Бишкек мэри Айбек Жунушалиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты