«Ала-Тоо Резорт»: Биринчи асма жол салуу келерки жылдын жай айына пландаштырылган

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Чолпон-Ата шаарында «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча даярдык иштеринин жүрүшүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Жыйынга тармактык министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

Анда энергетика министри курортту энергия менен жабдуу схемалары тууралуу, ал эми курулуш жана транспорт министрлери райондо инженердик тармактарды жана унаа жол каттамдарын куруу пландары жөнүндө айтып беришти.

Маалыматта айтылгандай, биринчи асма жолду 2026-жылдын жай айына бүтүрүү пландаштырылган.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле 2025-жылдын 15-июлунан 18-июлуна чейин 49 лотту сатуу боюнча аукцион өткөрүлөрү белгилүү болду. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор чакырылган.

Жер тилкелери 3-5 жылдыздуу мейманкана, VIP-коттедждер, этно-таунхаустар, ресторан, кафе, SPA-комплекстерин жана башка туристтик жана коммерциялык объекттерди курууга арналган.

Жыйын соңунда Президент Садыр Жапаров бардык этаптарда ишти өз убагында жана толук каржылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Ала-Тоо Резорт": Биринчи асма жол салуу келерки жылдын жай айына пландаштырылган

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты