«Ала-Тоо» аянтындагы ардактуу кароол жайы жаңыланды  

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында ардактуу кароол жайы реконструкцияланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.

Анда инфракызыл жылыткыч орнотулду. Ошондой эле жылуу пол салынып, килем алмаштырылды. Металл тосмо сырдалып, айнек жаңыланды.  

Мындан тышкары стандарттык өлчөмү 75 сантиметр болгон мамлекеттик гербдин сүрөтү коюлду.  Чыгымдардын жалпы суммасы 1 345 500 сомду түздү.

Буга чейин мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев баш калаанын муниципалитетине гербди жаңыртуу өтүнүчү менен кайрылган.

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты