Ала-Тоо аянтына жаңы жылдык балаты 14-декабрда жандырылат

  • 1 месяц мурун

14-декабрда саат 18:30да Ала-Тоо борбордук аянтында башкы жаңы жылдык балатыны жандыруу салтанаты өтөт.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, быйыл Ала-Тоо аянты жаңыча кооздолуп, өзгөрүлөт. Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аймактар кеңейтилди, эс алуу үчүн көбүрөөк жайлар түзүлүп, ар бир адам майрамдын шаңын толук сезе алат.

Майрамдын конокторун ар түрдүү кызыктуу программа күтөт: күн сайын көңүл ачуучу иш-чаралар, музыкалык жана бий номерлери, ошондой эле аниматорлордун көрсөтүүсү.

Балдар үчүн мастер-класстар жана муз тебүүчү аянт уюштурулуп, аларга көңүлдүү убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, түрдүү тамак-аш жана суусундуктар сунушталган фуд-зона иштейт.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты