Ала-Букада алтын казган компанияны тоноого шектүү жарандар кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Ала-Бука районунда алтын казган компанияны тоноого шектүү үч адам кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, окуя былтыр 12-ноябрга караган түнү болгон. Анда беткап, мээлей кийген белгисиз адамдар компаниянын кызматкерлерин, чет өлкөлүк жана жергиликтүү жарандарды уруп-сабап, 20 миң сомун, сейфте сакталып турган эки килограмдай алтынды алып кетишкен. Ошондой эле короодо турган машиналарды талкалашкан.

Тергөөдө материалдык чыгымдын көлөмү 10 миллион сомдон ашты деп эсептелген. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Милиция кайсы компания каракталганы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Жалал-Абад облусунда жалпысынан кен казууга 500гө чукул лицензия берилген. Учурда аймакта алты компания алтын казуу боюнча иш алып барат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты