Акыркы суткада коронавирустан төрт адам каза тапты
- 3 года мурун
22-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 51 жаңы учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 29;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 7.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 182 884гө жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 57. Жалпы — 177 499.
Каза болгондор — 4, алар эмдөө албагандар арасынан чыкты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 727.
Стационарда 483 жана амбулатордук түрдө 641 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү